Бишкекте Улуттук банктын жаңы имараты ачылды
Бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаарында Улуттук банктын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кызыл тасмасын кесип, андан соң жаңы административдик имараттын инфраструктурасы менен таанышты. Ал кызматкерлердин иш бөлмөлөрүн, жыйындар залын, музейди жана башка кызматтык бөлмөлөрдү көрүп чыкты.
Курулушу бүтпөй калган объект 30 жылга жакын убакыттан бери турган. Улуттук банктын жаңы имаратын куруу иштери Садыр Жапаров 2023-жылы аталган объектиге баргандан кийин кайра жанданган.
Президент өлкөнүн финансылык тарыхында жаңы барак ачылып жатканын баса белгиледи.
"Улуттук банкы - мамлекетибиздин эгемендигинин ажырагыс белгиси экенин кошумчалады. 1991-жылы мамлекетибиз эгемендикке жеткенден кийин, эң алгачкы маанилүү кадам өзүбүздүн акча-кредиттик системабызды түзүү болгон. 1993-жылдын 10-май күнү тарыхта өзгөчө орун алганын: ал күнү улуттук валютабыз - сом жүгүртүүгө чыкканын белгилеп өттү. Бул окуя - экономикалык эгемендигибиздин башаты болду. Ошол күндөн тарта сом кыргыз мамлекетинин сыймыгы болуп келатат. Сомдун туруктуулугун камсыз кылуу - Улуттук банктын эң башкы милдети. Бул милдет ар бир жарандын турмушуна, ар бир үй-бүлөнүн жашоосуна түздөн-түз таасир эте турган жооптуу милдет. Мына ошондуктан элдин сомго болгон ишеними - мамлекеттин бекемдигинин белгиси”,- деди мамлекет башчысы.
Жапаров каржылык технологиялар, онлайн төлөмдөр, санарип банк кызматы, криптовалюталар – азыркы жашоонун ажырагыс бөлүгү болуп калгандыгын белгиледи.
“Мындай шартта биз өзгөрүүлөрдөн артта калбай, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, экономикабызды заман талабына ылайык өнүктүрүшүбүз керек”,- деди президент.
Буга байланыштуу ал Улуттук банкка инновациялар жана санариптештирүү жаатындагы иштерди күчөтүүнү тапшырды. Бул багытта “Санарип сом” долбоорун ишке ашыруу – эң маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:30
2025-10-29
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















