super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Миллиондон ашык сумма... Токмокто табыпчылыкты жамынган алдамчы аял кармалды

 
Токмокто табыпчылыкты жамынуу менен элди алдап жүргөн деп 41 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарга блогер шектүү аял тууралуу маалымат жарыяланган. Анда шектүү элдик дарыгер катары элдин акчасын алдап алып жүргөнү, кээ биринин атына кредиттерди алдыртып жатканы айтылган. Бул факт каттоого алынып, текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада шектүү жергиликтүү тургундардан ар кандай шылтоолор менен акча алгандыгы аныкталган.
Ошондой эле Токмок шаарынын милиция бөлүмүнө бир жаран кайрылып, 2024-жылдын февраль айынан октябрь айына чейин шектүүгө 1 миллион 500 миң сомун алдатып жибергенин билдирген. Ошондой эле дагы эки жаран ушуга окшош арыз менен кайрылган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Аталган аял киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: