super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына спортчулардын параддык кийими үчүн сынак жарыяланды

 
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуучулардын параддык кийим үлгүсүнө сынак жарыяланат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, сынакта параддык кийимдин улуттук өң-түстөргө айкалышын, көчмөндөр оюндарынын символикасын жана рухун чагылдырган, заманбап талаптарга жооп берген, ыңгайлуу жана көркөм, оригиналдуу дизайн аныкталат.
Сынакка дизайнерлер, модельерлер, костюм боюнча сүрөтчүлөр, ошондой эле автордук иштеп чыгуулары бар чыгармачыл жамааттар катыша алышат.
Кандай талаптар коюлган?
  • Дизайнда параддык форманын толук комплекси камтылышы керек. Буга баш кийим, үстүнкү кийим, шым (эркектер үчүн) жана көйнөк (аялдар үчүн) кирет;
  • Кийим улуттук стилде жасалып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын фирмалык символикасынын элементтерин камтышы керек (бекитилген бренд-букка ылайык);
  • Материалдар негизинен табигый (пахта, жүн, зыгыр, жибек), кийүүгө ыңгайлуу жана коопсуз болушу керек;
  • Бардык берилген эмгектер бир комплектке материалдардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө менен коштолушу керек.

Сынак эки этапта өткөрүлөт:

  1. Тандоо – концепциянын сүрөттөлүшү менен эскиздерди көрсөтүү;
  2. Финалдык – эркектердин жана аялдардын кийимдеринин даяр үлгүлөрүн көрсөтүү.
Баалоо критерийлери:
  1. Идеянын жана көркөм чечимдин оригиналдуулугу;
  2. Сынактын темасына жана талаптарына ылайык келүүсү;
  3. Аткаруунун жана колдонулган материалдардын сапаты;
  4. Образдын эстетикасы жана бүтүндүгү.
Жеңүүчүлөр сертификаттар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат:
• I орун – 150 миң сом;
• II орун – 100 миң сом;
• III орун – 80 миң сом.
"Эң мыкты эмгектер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы расмий иш-чараларда колдонууга сунушталышы мүмкүн. Тандалып алынган эмгектердин автордук укугу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясына өтөт",- деп айтылат маалыматта.
Сынакка катышууну каалагандардын арыздары 17-ноябрга чейин кабыл алынат. Иштер электрондук түрдө жана кагаз жүзүндө кабыл алынат. Байланыш дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү №17. Тагыраагы, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы. Байланыш номуру: +996 500 059311. Электрондук почта: laura.chynaeva@mail.ru





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: