Түркиядагы жер титирөөдөн жалпы 26 адам жабыркады
Түркиянын Сындыргы шаарында күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөөдөн 26 адам жабыркады. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая маалымат бергенин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, күчү 4 баллдан ашкан жалпы 12 жер титирөө катталган.
"Жер титирөөдөн 26 адам жабыркап, учурда алардын баары ооруканага жаткырылды. Жалпы 12 жер титирөө катталды",- деп билдирүү калтырган министр.
Кечээ, 27-октябрда Түркиянын Сындыргы шаарында күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-11-01
17:08
2025-11-01
9:16
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















