super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Орусиянын чалгын кызматы: Франция Украинага жардам берүү үчүн 2 миңден ашуун жоокер даярдоодо

 

Францияда жарадарларды кабыл алуу үчүн госпиталдарда кошумча орундар даярдалууда. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы чалгын кызматы билдиргенин Орусия басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, Франция Украинага 2 миңден ашуун аскер жөнөтүүгө даярданып жатат.

Мекеменин билдирүүсүндө айтылгандай, Франциянын президенти Эммануэль Макрон Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына Украинага жардам берүү үчүн атайын легион түзүү боюнча тапшырма берген.

"Учурда аскерлер Украина менен чектеш Польша аймактарына жайгаштырылып, активдүү согуштук даярдыктан өтүп жатышат. Алар курал жана аскердик техника менен камсыздалууда. Жакын арада аларды Украинанын борбордук аймактарына жөнөтүү пландалууда",- деп айтылат билдирүүдө.

21-октябрда Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин НАТО мүчөлөрү Орусия менен мүмкүн болгон аскердик кагылышууга активдүү даярданып жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: