Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити Трампка өзгөчө белек берди
АКШ президенти Дональд Трампка Япониянын жаңы премьер-министри Санаэ Такаити каза болуп калган мурдагы премьер-министр Синдзо Абэге таандык гольф клюшкасын белек кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Ак үйдүн X баракчасына жарыяланган маалыматка таянып жазышууда.
Мындан тышкары, Такаити Трампка атактуу жапон гольф чебери Хидэки Мацуяма кол койгон сумканы да тапшырды.
Такаити жолугушууда Трампты "Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгына көрсөтүүнү" ниет кылып жатканын билдирген. Өз кезегинде АКШ лидери Японияны "улуу союздаш" деп атап, Америка Кошмо Штаттары зарыл учурда Японияга ар дайым жардам берүүгө даяр экенин белгилеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-11-01
17:08
2025-11-01
9:16
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















