super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Японияда апрель айынан бери аюунун кол салуусунан каза болгондордун саны 10го жетип, рекорд койду

 

Японияда быйыл апрель айынан бери аюулардын кол салуусунан каза тапкандардын саны 10 адамга жетип, тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч катары катталды. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик NHK телеканалы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн айыл жана шаар аймактарында аюулардын көбөйүшү боюнча Япон Айлана-чөйрө министрлиги расмий билдирүү тараткан. Акита префектурасындагы бир айылда өткөн жумада болгон соңку окуя менен каза болгондордун жалпы саны 10го жеткени айтылды.

Kyodo News агенттигинин маалыматына ылайык, Акита префектурасынын губернатору Кента Судзуки кырдаал боюнча атайын билдирүү жасап, кол салууларга каршы аракеттерде эл чарчаганын, аңчылардын саны азайып, көбү карып калганын белгиледи. Ал бул шартта Япониянын Өз алдынча коргонуу күчтөрүнөн логистикалык жардам сурай турганын билдирди.

Өлкөдө айрыкча июнь айынан бери түндүк аймактарда аюулардын туристтерге кол салышы, дүкөндөргө кирип кетиши жана мектептер менен парктарга жакын жерлерде көрүнүшү көбөйгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: