Арзан баада сатып... Аскер кампасынын башчысы уурдалган азык-түлүк менен колго түштү (видео)
Аскердик прокуратура ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте аскердик бөлүктөрдүн бириндеги уурулукту аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, аскер бөлүктөрүнүн биринин азык-түлүк кампасынын башчысы, прапорщик С.К. аскер кызматкерлери үчүн бөлүнгөн азык-түлүктөрдү системдүү түрдө өзүнө ыйгарып келген. Андан ары колбаса, макарон, күрүч, туз, шекер, май жана башка азыктарды базарга арзан баада мыйзамсыз сатып жүргөн.
Кылмыш ишинин алкагында ал кезектеги мыйзамсыз сатуу учурунда кармалып, камакка алынды. Учурда бул кылмышка башка кызмат адамдарынын катыштыгы боюнча кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Аскер кампасынын начальниги уурдаган азык-түлүк менен колго түштү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















