ABC News: Пи Дидди абактан белгиленген мөөнөттөн эртерээк чыгышы мүмкүн
Рэпер Пи Дидди (Шон Комбс) абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Бул тууралуу ABC News телеканалы маалымдады.
Маалыматка караганда, Пи Дидди 2028-жылдын 8-майында эркиндикке чыгышы ыктымал. Эгер анын адвокатынын Форт-Диск түрмөсүнө жөнөтүү өтүнүчү канааттандырылса, мөөнөт 12 айга кыскарышы мүмкүн. Мындан тышкары, ал 9-12 айлык мамлекеттик наркологиялык дарылоо программасын ийгиликтүү аякташы керек.
Нью-Йорк соту октябрдын башында Шон Комбсту төрт жылдан ашуун убакытка абакка кесип, 500 миң доллар айып пул салган. Июль айында сот аны жыныстык эксплуатацияга тартуу беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Дидди мурдагы эки сүйүктүүсүн кымбат мейманканаларга алып барып, аларды жыныстык эксплуатацияга мажбурлап, бул көрүнүштөрдү видеого тартып турган.
Ошол эле учурда сот аны адам сатуу максатындагы сексуалдык эксплуатация жана уюшкан кылмыштуу ишмердүүлүк боюнча сүйлөшүү айыптарынан актаган.
АКШнын федералдык прокуратурасы рэперди кеминде 11 жылга эркинен ажыратууну талап кылган, ал эми анын адвокаттары 14 айлык мөөнөт менен чектөөнү суранган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















