super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргызстанда чыгырык менен жүргөндөрдүн 70 пайызы шаар ичиндеги жол жүрүүгө багытталган

 

Яндек.Goнун серепчилери кыргызстандыктар сезондо (март-август) чыгырыкты кантип колдонуп жаткандыгы жөнүндө маалымат беришти. Биринчи 1-2 сапар көбүнчө көнүл ачуу иретинде болсо, экинчисинен кийинки жол жүрүүнүн 70% дан ашыгы транспорт катары колдонулат. Орточо жол жүрүүнүн узактыгы күндүзү да түнкү убакта да – 11 мүнөткө барабар.

Активдүү колдонуучулардын үчтөн биринин (10дон ашык ирет жол жүргөн) маршруттары кайталануучу. Башкача айтканда, алар сезондо кеминде беш жолу барган жерине кайрадан эле барышат. Чыгырыкка болгон суроо-талап эртең мененки саат 6-7 жана түштөн кийин/кечинде саат 16-17де жогорулайт. Чыгырыкта жол жүрүүнүн 15% түнкү саат 23:00дөн 6:00го чейин коомдук транспорт жүрбөгөн убакка туура келет. Бул убакта алар автобус жана микроавтобустарга альтернатива болуп, үйгө тезирээк жетүүгө мүмкүндүк берет.

Кыска мөөнөткө ижарага берилген чыгырыкты колдонуу жеке унааны тейлөө чыгымдарын жокко чыгаруу менен шаарды кыдыруу чыгымдарын азайтууга жардам берет. Мындан тышкары, чыгырык менен жүрүү башка транспорт түрлөрүнө караганда көп учурда арзан болот.

Чыгырыктар жол жүрүүдө акчаны үнөмдөөдөн тышкары, убакытты да сарамжалдайт. Сезон учурунда жөө басуунун ордуна чыгырыкты тандаган кикшеринг колдонуучулары 233 миң сааттан ашык убакытты үнөмдөшкөн






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: