super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Венгрия Чехия жана Словакия менен уюм түзүүнү көздөөдө

 

Венгрия Чехия жана Словакия менен бирге Борбордук Европада тышкы саясат жана Украина боюнча окшош көз караштагы мамлекеттердин альянсын түзүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Венгриянын тышкы иштер жана тышкы экономикалык байланыштар министри Петер Сийярто Минскте өткөн үчүнчү Евразия коопсуздугу боюнча эл аралык конференцияда билдирди.

Анын айтымында, мындай блокту Евробиримдиктин чегинде түзүү мүмкүнчүлүгү Чехиядагы парламенттик шайлоодо Андрей Бабиш жетектеген ANO кыймылы жеңишке жеткенден кийин каралышы мүмкүн.

"Бизде Словакия менен Венгриянын Европанын келечегине карата азыркы көз караштары, анын ичинде кызматташтык жана Украинанын ролу боюнча окшош пикирлер бар. Биз Чехиянын келечектеги өкмөтү да бул багытта биздин көз караштарды колдойт деп ойлойбуз, анткени биз бир партиялык үй-бүлөгө киребиз",- деди Сийярто.

Ал мындай борбордук европалык альянс бул өлкөлөрдүн эгемендүү тышкы саясатын ийгиликтүүрөөк жүргүзүүгө жардам бере турганын кошумчалады.

Politico басылмасы белгилегендей, мындай саясий альянстын түзүлүшү Европанын Украинага каржылык жана аскердик жардам көрсөтүү аракеттерин кыйла татаалдаштырышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: