super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ChatGPT, Gemini жана Claude моделдеринде оюн көз карандылыгынын белгилери аныкталды

 

Түштүк Кореянын Кванджу илимий жана технологиялык институтунун изилдөөчүлөрү жасалма интеллекттин заманбап үлгүлөрү - ChatGPT, Gemini жана Claude моделдери адамдардагыдай эле оюн көз карандылыгына окшош жүрүм-турум көрсөтөрүн аныкташты. Бул тууралуу Newsweek басылмасы жазды.

Окумуштуулар атайын эксперимент жүргүзүшкөн: ар бир ЖИ модели 100 доллар менен баштап, оюн автоматынын симуляциясында ставка коюу же токтотуу чечимин өз алдынча кабыл алган. Натыйжада, бардык моделдер акчаларын жоготконго чейин кооптуу ставкаларды уланта берген. Изилдөөдө алардын "контролду жоготуу", "уттурганды кайтарып алуу каалоосу" жана "статистикалык негизсиз тобокелчиликке баруу" сыяктуу когнитивдик бурмалоолорго кабылганы аныкталды. Айрым моделдер мурдагы жоготууларды "кайтарып алуу үчүн" ойной берүүнү тандап, адамдагы компульсивдүү оюн адаттарына окшош жүрүм-турум көрсөтүшкөн.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, мындай жыйынтыктар жасалма интеллект жөн гана адамдын жүрүм-турумун кайталап койбостон, когнитивдик каталарды да "үйрөнө" аларын көрсөтөт. Алар бул көрүнүш автономдуу ЖИ системаларын иштеп чыгууда өзгөчө эске алынышы керектигин белгилешкен, анткени мындай системалардын чечимдери каржы же коопсуздук тармагына түз таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: