super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

 Кемелбек Киязов Казакстанда өткөн эл аралык марафондо үчүнчү орунга ээ болду

 
26-октябрда Казакстандын Түркстан шаарында Turkistan Marathon салттуу жарышы өтүп, анда милициянын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Киязов үчүнчү орунга ээ болду. бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
69 жаштагы ички иштер органдарынын ардагери 42 чакырым 195 метр аралыкты 3 саат 46 мүнөт 2 секундда чуркап өтүп, жеке рекордун жаңылады. Мелдештин жыйынтыгы боюнча Кемелбек Киязов 60-69 жаш курактык категориясындагы спортчулардын арасында үчүнчү орунду ээледи.
Ал өзүнүн спорттук жетишкендиктерин келе жаткан кесиптик майрамы, тагыраагы, түзүлгөнүнө 101 жыл толгон милициянын күнүнө арнады.
Белгилей кетсек, 2024-жылы ардагер Анталияда өткөн эл аралык марафондо Кыргызстандын атынан катышып, 10 чакырым аралыкты 43 мүнөт 33 секундда ийгиликтүү чуркап өткөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: