Бишкекте мектеп директорлорунун III форуму өтөт
29–31-октябрда Бишкек шаарында мектеп жетекчилеринин III форуму өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, бул Кыргызстан менен Орусиянын билим берүү тармагындагы 300дөн ашуун жетекчи, адис жана эксперттерди бириктирген ири кесиптик иш-чара болуп саналат.
Форумдун алкагында башкаруудагы заманбап чакырыктар, мектепти өнүктүрүү стратегиялары, жаңы технологияларды билим берүү процессине киргизүү жана педагогдордун командасы менен иштөө маселелери талкууланат. Ошондой эле "Мектептердин боордоштугу" долбооруна старт берилет.
Форумдун жүрүшүндө Орусиянын ЖОЖдорунун “Россияда билим алуу – 2026” көргөзмөсү да өтөт. Анда катышуучулар Орусия Өкмөтүнүн квоталары боюнча окууга тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, алдыңкы университеттердин өкүлдөрү менен жолугуша алышат.
Форумдун ачылышы эртең, 29-октябрда саат 9:30да Кыргыз-Россия Славян университетинде болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:56
2025-11-01
12:54
2025-11-01
11:30
2025-11-01
21:34
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















