super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни өлтүргөн адам күнөөсүн моюнуна алды

 

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни 2022-жылы атып өлтүргөн 45 жаштагы Тэцуя Ямагами күнөөсүн моюнуна алды. Бул тууралуу The Japan Times басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, анын иши боюнча биринчи сот отурумунда Ямагами өз күнөөсүн моюнуна алган.

Сот жараянына даярдык 2022-жылдын 8-июлундагы окуядан бери үч жылдан ашык убакытты алган. Буга айыпталуучунун психиатриялык экспертизасы узакка созулганы себеп болгон. Экспертизанын жыйынтыгында Ямагаминин сотко тартылууга жөндөмдүү экени аныкталган.

Ошондой эле алдын ала териштирүү иштери да узакка созулган. Алсак, сот имаратында шектүү кутуча табылып, кийин ал кутучада Ямагамиге жеңил жаза берүүнү суранган адамдардын кол топтогон баракчалары аныкталган.

Сотто Ямагаминин адвокаттары айыптоонун айрым пункттарына макул эместигин билдиришти. Алардын айтымында, айыпталуучу ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүргөн эмес, анткени анын колундагы өз колу менен жасалган ок атуучу курал ошол учурдагы мыйзамга каршы болгон эмес. Бул мыйзам окуядан кийин гана өзгөртүлгөн.

Эске салсак, Тэцуя Ямагами 2022-жылдын 8-июлунда Нара шаарында көчөдө сүйлөп жаткан учурда Синдзо Абэге эки жолу өз колу менен жасалган мылтык менен ок аткан. Ал кезде Ямагами бул аракетин "Абэнин саясатына нааразы болгону жана анын өлүмүн каалаганы" менен түшүндүргөн.

Синдзо Абэ Япониянын тарыхындагы эң узак кызмат өтөгөн премьер-министр болгон. Ал бул кызматты 2006–2007 жана 2012–2020-жылдары аркалаган.

Ямагамиге соттун акыркы өкүмү 2026-жылдын 21-январында чыга турганы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: