super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

BAKAI менен бирге Катарда өтө турган UFC Fight Night турнирине жолдомо утуп алыңыз!  

 

BAKAI менен бирге Катарда өтө турган UFC Fight Night турнирине жолдомо утуп алыңыз!

BAKAI Катардагы UFC Fight Night Doha 2025 турниринин алдындагы чоң акцияны баштады!

BAKAI жылдын эң көп күтүлгөн спорттук окуяларынын бири — UFC Fight Night Doha 2025 турнирин утурлай кеңири акцияны жарыялады. Бул мелдеш 2025-жылдын 22-ноябрында Катар мамлекетинин борбору Доха шаарында өтөт.

Акциянын жыйынтыгында банк төрт жеңүүчүгө жана алардын коштоочуларына — жалпы сегиз жолдомо белекке тартуулайт.

Ар бир жеңүүчү толук турпакетке ээ болот:

  • эки адамга авиакаттам;
  • мейманканада жашоо (3 күн / 2 түн);
  • 2025-жылдын 22-ноябрында өтө турган жылдын башкы спорттук окуясы — UFC Fight Night Doha 2025 турниринин билеттерин.

Кантип катышууга болот?

BAKAI ар бир кардар өз бактысын сынап көрө алышы үчүн төрт катышуу категориясын даярдады:

1️. Эң активдүү жеке кардар.

Биринчи жеңүүчү 2025-жылдын 1-январынан 30-сентябрына чейин КР’нын аймагында POS-терминалдар аркылуу жүргүзүлгөн жалпы суммасы кеминде 1000 (бир миң) сомдук операцияларды аткарып, эң жогорку активдүүлүктү көрсөткөн кардарлардын арасынан аныкталат.

2️. Эң активдүү бизнес-кардар.

BAKAI Business кардарларынын арасында жеңүүчү болуп, эң көп чыгыш төлөмдөрдү (клиринг, гросс, SWIFT) жана QR аркылуу төлөмдөрдү аткарган компания табылат.

3️. Камсыздандыруу полисин сатып алган кардар.

Жеңүүчүлөрдүн бири акциянын жүрүшүндө BAKAI Камсыздандыруу компаниясынан ОСАГО полисин тариздеткен кардарлардын арасынан тандалат.

4️. instagram сынагынын катышуучусу.

Жеңүүчү @bakaibank.kg баракчасынын жазылуучуларынын арасынан туш келди тандалат.

Катышуу үчүн төмөнкү шарттар аткарылышы керек: постко лайк коюу, баракчага жазылуу, комментарийде досун белгилөө жана сториске репост кылуу.

Акция 2025-жылдын 26-октябрынан 10-ноябрына чейин өткөрүлөт.

Катышууга 18 жаштан жогору болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына гана уруксат берилет. Конкурстун жүрүшүндө катышуучунун Instagram аккаунту ачык болушу жана реалдуу сүрөттөрдү камтышы керек.

BAKAI өз кардарларына дүйнөлүк спорттук окуянын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: