super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кытайда блогерлер контент жарыялоо үчүн сертификат көрсөтүүгө милдеттендирилди

 

Кытайда эми блогерлер айрым темалар боюнча контент жарыялоо же түз эфир жүргүзүү үчүн өзүнүн квалификациясын тастыктаган диплом же сертификат көрсөтүшү керек. Мындай темаларга медицина, укук, финансы жана билим берүү тармактар кирет.

Эми бул маалыматтарды текшерүү жоопкерчилиги Douyin (TikTokтун кытайлык аналогу), Weibo жана Bilibili платформаларына жүктөлдү. Эгер эрежелер бузулса, алар 100 000 юанга чейин айып пул төлөп, аккаунттар жабылышы мүмкүн.

Жергиликтүү бийликтин айтымында, бул чаранын максаты дезинформацияга каршы күрөшүү жана контенттин сапатын жакшыртуу болуп саналат. Бирок айрым колдонуучулар жана укук коргоочулар муну цензураны күчөтүү аракети катары сыпатташууда.

Чектөөлөр муну менен эле чектелбейт. Бийлик блогерлерге люкс жашоо образын көрсөтүүгө да тыюу салды. Мындай көрүнүштөр "жаштарга туура эмес үлгү көрсөтөт" деп эсептелет.

Эми платформалар жөнөкөй жана социалдык жоопкерчиликтүү контентти гана чагылдырууга милдеттүү.

Мындан тышкары блогерлер кирешелери, салыктарды төлөө ыкмалары жана контент жаратууда жасалма интеллектти колдонуу тууралуу маалыматтарды ачык көрсөтүүгө тийиш. Эгер материал жасалма интеллекттин жардамы менен түзүлгөн болсо, бул сөзсүз белгилениши керек. Эрежени бузгандар ири айып пул төлөшү мүмкүн же аккаунту бөгөттөлүшү ыктымал.

Белгилүү болгондой, Кытайдагы инфлюенсерлер рыногу 250 миллиард долларга бааланат жана онлайн соода менен көңүл ачуунун маанилүү бөлүгү болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: