super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Трамп Хиросима жана Нагасакиге жасалган ядролук соккуларды "кичиникей кагылышуу" деп атады 

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Америка Кошмо Штаттары тарабынан Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына жасалган атомдук бомбалоону "чоң эмес кагылышуу" катары мүнөздөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Биздин Япония менен мамилебиз ушул убакка чейин жакын бойдон калууда. Бизде Япония менен кичинекей кагылышуу болгон. Балким, бул тууралуу уккан чыгарсыңар", — деген Трамп.

Ошол эле учурда Трамп бул "коркунучтуу окуяларга" карабастан, убакыттын өтүшү менен АКШ менен Япониянын мамилелери өнөктөштүк жана достук мүнөзгө ээ болгонун белгиледи.

Буга чейин июль айында Хиросима шаарынын мэри Кадзуми Мацуи Трамптын Японияга жасалган атомдук чабуулдарды АКШнын Иранга жасаган соккуларына салыштырганын айыптаган.

"Менимче, ал атомдук бомбаны колдонуу адамдардын өмүрүн досторго же душмандарга бөлбөй, баарын жок кылганын, ошондой эле бул адамзаттын жашоосуна коркунуч жаратканын түшүнбөйт", — деп билдирген Мацуи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: