Кыргыз драматургдарынын жаңы пьесаларына республикалык конкурс жарыяланды
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Кыргызстан театр ишмерлер союзу биргелешип, улуттук драматургияны өнүктүрүү жана театрлардын репертуарын жаңы, көркөм деңгээли жогору чыгармалар менен байытуу максатында “Кыргыз драматургдарынын жаңы пьесаларынын тарыхый тематикаларга арналган республикалык конкурсун” жарыялады. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, конкурстун максаты драматургдарды заман талабына жооп берген, терең мазмундуу жана оригиналдуу пьесаларды жаратууга шыктандыруу, улуттук өзгөчөлүктөрдү жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды камтыган, жаңы көркөм ойлорду алып чыккан чыгармаларды театр сахналарына алып чыгуу болуп саналат.
Конкурс 2025-жылдын 20-декабрына чейин өткөрүлөт. Конкурстун жыйынтыгы 2025-жылдын аягында чыгарылып, жеңүүчүлөрдүн ысымдары расмий маалымат булактары жана социалдык тармактар аркылуу жарыяланат. Жеңүүчүлөргө сертификаттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.
Катышуу шарттары:
- Конкурска профессионал драматургдардан тартып пьеса жазууга дилгир болгон бардык калемгерлер катыша алышат.
- Ар бир автор бир же бир нече чыгармасын сунуштай алат.
- Пьесалар мурда эч бир театрда коюлган эмес жана башка конкурстарга катышпаган болушу шарт.
- Чыгармалар кыргыз же орус тилинде, Word форматта, кеминде 6000 сөздөн турушу зарыл.
Электрондук варианттар 21-декабрга чейин iskusstvo_art@mal.ru жана stdkg@mal.ru электрондук даректерге жөнөтүлүшү керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:56
2025-11-01
12:54
2025-11-01
11:30
2025-11-01
21:34
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















