Фрунзе мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат
Кыргызстандагы алгачкы музей болгон Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгын белгилөө максатында 2025-жылдын 4-ноябрында саат 11:00дө "Палех көркөм искусствосундагы Фрунзенин келбети" аттуу уникалдуу көргөзмөнүн ачылышы болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
"Көргөзмөдө Палех чеберлеринин орус кол өнөрчүлүктүн эң мыкты ыкмасынын бири болгон Палех миниатюралык көркөм сүрөт салттуу ыкмасын колдонгон 14 иллюстрациясынын бөтөнчө сериясы көрсөтүлөт. Байыркы орус икона жазуу салтынан келип чыккан Палех мектеби өзүнүн таза ыкмасы, экспрессивдүү сызыктары жана жандуу кол өнөрчүлүк менен белгилүү", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, көргөзмө Фрунзе көчөсү, 364 дарегинде өтөт.
Иш-чара Иваново облусунун РУСО бөлүмү жана Иваново шаарындагы Тарых жана жергиликтүү таануу музейи менен өнөктөштүктө уюштурулуп, сүрөттөрдүн санарип көчүрмөлөрү жогорку сапатта берилет.
Көргөзмөгө кирүү акысыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:56
2025-11-01
12:54
2025-11-01
11:30
2025-11-01
21:34
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















