super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Apple тарыхта капитализациясы 4 триллион доллардан ашкан үчүнчү компания болду

 

Apple корпорациясынын рыноктук наркы биринчи жолу 4 триллион доллардан ашты. Бул тууралуу Nasdaq биржасынын маалыматында айтылды.

Муну менен Apple тарыхта мындай көрсөткүчкө жеткен үчүнчү компания болуп калды. Буга чейин бул чекке Nvidia жана Microsoft компаниялары гана жеткен болчу.

Бишкек убактысы боюнча саат 19:43тө Apple акцияларынын баасы 269,71 долларды түзүп, компаниянын жалпы рыноктук баасы 4,001 триллионго жетти.

Аналитиктер компаниянын акцияларынын өсүшүн сентябрь айында чыккан iPhone 17 сериясына болгон күтүүсүз жогору суроо-талап менен байланыштырып жатышат.

"Apple азырынча жасалма интеллект тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланбаса да, рыноктук капитализациянын 4 триллион босогосунан өтүшү Купертино жана жалпы технологиялык гиганттар үчүн бурулуш учур болду", - деди Wedbush Securities компаниясынын финансылык аналитиги Дэн Айвс Bloomberg агенттигине.

Анын айтымында, бул көрсөткүч Apple дүйнөдөгү эң ийгиликтүү керектөөчү брендди түзө алганын далилдейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: