super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мугалимдер үчүн жаңы "Ustat" санариптик билим берүү платформасы ишке кирди

 

Педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту мугалимдер менен усулчулар үчүн жаңы санариптик "Ustat" платформасынын ишке киргизилгенин жарыялады. Платформанын ишке кириши институттун 80 жылдык мааракесине туш келди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

"Билим берүүнүн санариптешүүсү - бул учурдун талабы гана эмес, билимдин сапаты менен жеткиликтүүлүгүнө коюлган негизги шарт. "Ustat" платформасы өлкөнүн бардык аймактарындагы ар бир мугалимге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биздин максат - мугалимдердин квалификациясын жогорулатууну жеткиликтүү, ачык жана заманбап кылуу",- деп билдирди институттун директору Алмазбек Токтомаметов.

Маалыматка ылайык, платформа Кыргызстандын Ulut Soft.kg аттуу IT-компаниясы тарабынан Агартуу министрлигинин тапшырмасы менен иштелип чыгып, билим берүүнү санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Ustat https://ustat.edu.gov.kg/ билим берүү порталы мугалимдерге квалификациясын жогорулатуу курстарын ыңгайлуу онлайн-форматта өтүүгө шарт түзөт.

Платформа төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт:

● заманбап окуу программалары боюнча онлайн-курстар жана видео-лекциялар;

● практикалык тапшырмалар жана тестирлөө бөлүмдөрү;

● электрондук сертификаттарды автоматтык түрдө түзүү системи;

● жеке кабинети жана окуу процесси боюнча прогрессти көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү;

● жаңы курстар тууралуу билдирүүлөр;

● окуу материалдарына жана усулдук көрсөтмөлөргө дайыма жеткиликтүүлүк.

Бүгүнкү күндө платформада 9 миңден ашуун мугалим катталган, алар учурда билим алуу процессин баштап, жаңы үлгүдөгү электрондук сертификаттарды алышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: