БШК Атазов менен Нурбаевди депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартты
Шайлообек Атазов менен Жалолидин Нурбаев депутаттыкка талапкер болуп катталган жок. Мындай чечимди кечээ, 28-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.
БШК Атазов уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка, куралдуу топко тиешеси бар адам катары 2024-жылдан бери ИИМдин каттоосунда болгон деген жүйөнү келтирген. Ошондой эле ал 2024-жылы 13-марттан 29-ноябрга чейин чет өлкөдө жүргөн, тагыраагы, 260 күн өлкөдө болгон эмес. Талапкер болуу үчүн жаран соңку беш жылда өлкө аймагында туруктуу жашашы керек.
Ал эми Жалолидин Нурбаевдин мурдагы кылмыш иши кыскартылганы белгилүү болгон. ИИМдин маалыматы боюнча, анын 2006-жылы 6-октябрда Бишкек шаардык милициясынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз ССРинин Кылмыш-жаза кодексинин 235-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык козголгон иши кыскартылган. Бул айып мыйзамсыз маңзат даярдоо, колдонуу, сактоо жана ташууга байланыштуу.
Кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткени үчүн жаза каралган эмес, Нурбаев бул иш боюнча реабилитациялык процесстен өткөн эмес. Мындан тышкары, 2021-жылы Араван райондук милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иши да кыскартылган.
Айта кетсек, Атазов БШКга №6 шайлоо округунан катышуу үчүн арыз тапшырган. Нурбаев болсо, №5 көп мандаттуу шайлоо округунан катышуу ниетин билдирген.
Белгилей кетсек, кезексиз парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:30
2025-10-29
15:55
2025-10-28
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















