Израилдин кайра баштаган соккуларынан Газада кеминде 30 киши каза болду
Кеминде 30 адам Израилдин Газа секторуна жасаган соккуларынан каза болду. Бул тууралуу 29-октябрда жарандык коргонуу кызматынын өкүлү Махмуд Басаль билдиргенин чет элдик басылмалар маалымдашууда.
Анын айтымында, Израил коргонуу күчтөрүнүн чабуулдарынан ондогон адамдар жаракат алышкан.
Буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа секторуна жаңы соккуларды жасоону буйруган. Израил өкмөт башчысынын кеңсесинин маалыматына караганда, бул чечим коопсуздук боюнча кеңешмеден кийин кабыл алынган.
Эскерте кетсек, жакында АКШнын президенти Дональд Трамп жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн саммити өтүп, анда Израиль менен Газанын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-11-01
17:08
2025-11-01
9:16
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















