БШК 2 жарандын депутаттыкка талапкерлигин кабыл алган жок
Борбордук шайлоо комиссиясы Гүлсара Каримова менен Болотбек Дүйшөналиевди депутаттыкка талапкер кылып каттаган жок.
БШК Каримованын шайлоого катышуу үчүн тапшырган арызын диний ишмер деген негизде кабыл алган эмес. Ал 2024-жылы "Келечек Умма" диний уюмунун жетекчиси катары көрсөтүлгөн. Мындан сырткары, Каримова "Сыддык Мухаммед Балту" диний окуу борборунун директору кызматын 2023-жылдан 2025-жылга чейин аркалап келген.
Ал эми Дүйшөналиевдин ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка, куралдуу топко тиешеси бар адам катары тургандыгы аныкталган. Мындан тышкары, ал 2023-жылдын 11-ноябрынан 2024-жылдын 4-февралына чейин, 2024-жылдын 20-апрелинен 8-июнуна чейин жана 2024-жылдын 18-июлунан 4-октябрына чейин чет жакта болгон. Жалпы өлкө аймагында 210 күн болгон эмес. Талапкер болуу үчүн жаран соңку беш жылда өлкө аймагында туруктуу жашашы керек.
БШК Шайлообек Атазов менен Жалолидин Нурбаевди да Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.
Белгилей кетсек, кезексиз парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















