super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Рио-де-Жанейродо полиция 60 банда мүчөсүн жок кылды 

 

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн масштабдуу операция учурунда кеминде 64 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Каза болгондордун арасында 60 банда мүчөсү жана төрт укук коргоо органынын кызматкери бар.

Операцияга 2500дөн ашык укук коргоо органынын кызматкери катышууда. Акыркы маалыматтарга ылайык, 81 адам камакка алынган. Кармалгандардын арасында "Кызыл команданын" лидерлеринин бири, "Док" же "Аюу" деген ат менен белгилүү Эдгар Алвес де Андраденин каржылык башкаруучусу деп болжолдонгон шектүү бар.

Операция учурунда жергиликтүү үч тургун да атылган октон жаракат алып, Жетулио Варгас ооруканасына жеткирилген.

Рио-де-Жанейро бийлиги уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн алкагында үзгүлтүксүз операцияларды жүргүзүп турат. Азыркы операция шаардын тарыхындагы эң кандуу операция болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: