Ямайкада кырсыктуу бороон-чапкын болду
Ямайкада эң жогорку бешинчи категориядагы кооптуу "Мелисса" бороон-чапкыны болду. Бул Атлантикада байкалган эң күчтүү урагандардын бири болуп эсептелет. Бул тууралуу ABC News агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, саатына 257 чакырым ылдамдыктагы шамал, катуу жаан жана деңиз ташкыны аралды кыйраткан. Ураган Ямайкадан кийин Кубанын чыгыш бөлүгүнө багыт алды.
БУУнун өкүлү Стефан Дюжаррик билдиргендей, уюмдун бир катар агенттиктери Кариб деңиз аймагына гуманитардык жардам жеткирүү боюнча ишти башташты. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Барбадостон деңиз аркылуу жардам жөнөтүүнү координациялоодо. Ал эми 2000дей жардам комплектин аба аркылуу жеткирүү аэропорттор ачылгандан жана аба ырайы турукташкандан кийин жүргүзүлөт.
Дюжаррик кошумчалагандай, БУУ Куба жана Гаити өлкөлөрүнө да колдоо көрсөтүүгө даяр. Ошол эле маалда Ямайка өкмөтү табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн каражат чогултуучу атайын онлайн-платформаны ишке киргизгенин өлкөнүн маалымат министри Дана Моррис Диксон билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















