Кийинки жылга пландалган iPhone 18 смартфону 5G спутник байланышын алышы мүмкүн
Кийинки жылы чыгарыла турган iPhone үлгүлөрү толук 5G спутниктик интернет менен камсыз болушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Apple компаниясы 2027-жылдын март айында чыгара турган смартфондоруна спутниктик 5G байланышын киргизүүнү пландап жатат. Бул мүмкүн смартфондорду спутник аркылуу толук интернет менен камсыз кыла алат.
Аталган божомолдор ишке ашса, спутник аркылуу 5G интернети iPhone 18 Pro, 18 Pro Max жана көпчүлүк күткөн бүктөлмө iPhone телефондорунда иштеп баштайт.
Учурда түз спутник аркылуу смартфонго толук кандуу 5G интернет берүүчү коммерциялык кызмат жок. Starlink жана T-Mobile кызматташтыгындагы спутник байланышы да азырынча чектелген мүмкүнчүлүктөргө ээ. Эки систем тең асман ачык болгон шартта гана иштейт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















