Футбол: Ямал беттештен кийин Винисиусту мушташка чакырды
"Барселонанын" чабуулчусу Ламин Ямал "Реал Мадриддин" чабуулчусу Винисиус Жуниор менен оюн талаасында урушуп кетишкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Эль-Класико" беттешинен кийин "Барселонанын" оюнчусу Ламин Ямал менен "Реал Мадриддин" чабуулчусу Винисиус Жуниордун ортосунда пикир келишпестик жаралган. Талаш-тартыштан кийин 18 жаштагы Ямал "мушташалыбы?" деп жинденген. Экинчиси макулдугун берген. Бирок аларды токтотуп калышкан. Уруш эмнеден чыкканы белгисиз.
Каталониялык клубдун администрациясы Ламин Ямалдын жүрүм-турумуна нааразы экенин билдирди. Анын мындай кылыктарын көзөмөлдөө керектигин белгиледи.
"Реал Мадрид" менен "Барселонанын" ортосундагы Ла Лиганын 10-турундагы беттеш 26-октябрда Испаниянын Мадрид шаарындагы "Сантьяго Бернабеу" стадионунда өттү. Оюн 2:1 эсебинде "Реал Мадриддин" жеңиши менен аяктады.
Голдорду "Реал Мадриддин" чабуулчусу Килиан Мбаппе (22') жана жарым коргоочу Жуд Беллингем (43') киргизди. Ал эми "Барселонанын" жалгыз голун жарым коргоочу Фермин Лопес (38') киргизди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















