super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Казакстанда ЛГБТ пропагандасына тыюу салуу маселеси каралууда (видео)

 

Казакстанда "түгөйлөр" ортосундагы мамилени коомчулукка ачык көрсөтпөстөн көшөгө артында калтыруу сунушталды. Бул тууралуу Мажилистин депутаты Наталья Дементьева журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирген.

Маалымат ылайык, Казакстанда 28-октябрдагы парламент жыйында ЛГБТ пропагандасына тыюу салган мыйзам долбоору талкууланган. Андагы чектөөлөр толук метраждуу тасмаларга жана башка чыгармаларга колдонулушу мүмкүн. Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин жарык көргөндөргө гана тиешелүү, ага чейин чыккан тасмаларга таасир этпейт.

Наталья Дементьева түшүндүргөндөй, жаңы жобо социалдык тармактарда, тасмаларда жана жарнамаларда жайылтууну чектөөгө багытталган.

Ошону менен катар депутат түгөйлөр ортосундагы мамиле дагы жабык болушу керектигин, социалдык тармактарга жарыялоонун кереги жоктугун белгилеп өткөн.

"Биз ар кандай көз караштагы адамдарга каршы чыгып жаткан жокпуз, алар дагы Казакстандын жарандары, жөн гана ар кандай баалуулуктарды карманышат.

Пропаганда деген камеранын артында калышы керек. Жашап жатасыңбы? Жаша. Бирок коомчулукка жарыялоонун кереги жок. Түгөйлөрдүн ортосундагы бул деген жабык мамиле, ал ачык көрсөтүлбөшү керек. Эки адам чогуу жашап жатат, балким, жөн гана мамиледе, бул алардын жеке жашоосу болуш керек",- деген Дементьева.







Казакстанда түгөйлөрдүн мамилесин коомчулукка ачык көрсөтпөө сунушталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: