Чернобыль шаарында көк иттер пайда болду. Окумуштуулар кооптонушууда
Украинадагы Чернобыль АЭСинин тыюу салынган аймагында жашаган айрым иттердин түктөрү табышмактуу түрдө көгөрүп кеткенин байкаган ыктыярчылар бул көрүнүшкө таң калышууда. "Dogs of Chernobyl" аттуу ыктыярчылар тобу жарыялаган сүрттөрдө, кеминде бир иттин толугу менен көк түскө айланганын көрүүгө болот. Топ бул өзгөрүүнүн себеби белгисиз экенин айтып, “мурун көк эмес болчу, балким, кандайдыр бир химиялык затка тийишкен” деген божомолун билдирди.
Окумуштуулар болсо бул көрүнүш жөн гана сырткы боёктон эмес, радиацияга узак мөөнөттүү таасирдин натыйжасында пайда болушу жана генетикалык өзгөрүүлөргө байланыштуу болушу ыктымал деп эсептешет. Колумбия университетинин адиси доктор Норман Клейман жетектеген топ Чернобыль аймагындагы 116 иттин ДНКсын изилдеп, алардын башка аймактагы жаныбарлардан айырмаланган өзүнчө эки популяцияга бөлүнгөнүн аныктаган. Изилдөөдө радиация жана уулуу заттарга туруштук берүүчү 50дөн ашык ген аныкталган.
Чернобыль аймагында азыр да адамдар үчүн уруксат берилген чектен алты эсе жогору деңгээлдеги радиация бар. Ошентсе да, бул иттер 1986-жылдагы өзөктүк кырсыктан кийин аймакта жашап, тукумун улап келе жатышат. Адистер алардын айлана-чөйрөнүн оор шарттарына ыңгайлашуусу жаратылыштын өзгөчө эволюциялык мисалы болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















