Төө-Ашууда кар. Жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө күчүндө (видео)
Бүгүн, 29-октябрда Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларындагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө күчүндө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда аталган жол тилкелеринде кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.
"Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу жол жабык. Азыркы тапта № 36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, жолго кум себүү иштери жүрүп жатат. Бир саат аралыгында жеңил унааларга каттам берилери күтүлүүдө",- деп билдирди министрлик.
Жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө күчүндө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:56
2025-11-01
12:54
2025-11-01
11:30
2025-11-01
21:34
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















