Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат
Кыргызстандагы алгачкы музей болгон Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.Маалыматка ылайык, 4-ноябрда саат 11:00дө "Палех көркөм искусствосундагы Фрунзенин келбети" аттуу уникалдуу көргөзмөнүн ачылышы болот.
Көргөзмөдө Палех чеберлеринин орус кол өнөрчүлүгүнүн эң мыкты ыкмаларынын бири болгон Палех миниатюралык көркөм сүрөт салттуу ыкмасын колдонгон 14 иллюстрациясынын бөтөнчө сериясы көрсөтүлөт. Байыркы орус икона жазуу салтынан келип чыккан Палех мектеби өзүнүн таза ыкмасы, экспрессивдүү сызыктары жана жандуу кол өнөрчүлүгү менен белгилүү.
Иш-чара Иваново облусунун РУСО бөлүмү жана Иваново шаарындагы Тарых жана жергиликтүү таануу музейи менен өнөктөштүктө уюштурулуп, сүрөттөрдүн санарип көчүрмөлөрү жогорку сапатта берилет.
Көргөзмөгө кирүү акысыз. Өтүүчү дарек Фрунзе үй-музейи, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 364.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:56
2025-11-01
12:54
2025-11-01
11:30
2025-11-01
21:34
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















