Ооганстан Пакистан тараптан келген ар кандай чабуулдарга жооп берет
Ооганстан эми Пакистан тараптан өз аймагына жасалган ар кандай чабуулдарга жооп берет. Бул тууралуу ооганстандык TOLO News телеканалы коопсуздук булактарына шилтеме жасап билдирди.
Алар эгер Ооганстан бомбаланса, Исламабад бутага айланат деп ырасташкан. Бирок булактар ооган тарап сүйлөшүүлөргө умтулганын, Пакистан тараптан мындай даярдык көрүлбөгөнүн айтышкан.
Дүйшөмбү күнү эртең менен Пакистандын Dawn гезити Стамбулдагы Ооганстан жана Пакистан делегацияларынын сүйлөшүүлөрү натыйжасыз аяктаганын жазган. Гезиттин булактарынын маалыматы боюнча, эки тарап Ооганстан менен Пакистандын чек арасында иштеп жаткан Фитна аль-Хавариж согушкерлеринин базаларын жок кылуу боюнча макулдашууга жетише алышкан эмес.
18-октябрда Дохада Катар менен Түркиянын ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ооганстан менен Пакистандын өкүлдөрү чек арада ок атышууну тез арада токтотууга макул болушкан. 25-октябрда Стамбулда консультациялардын жаңы айлампасы башталган. Кийинки күнү кечинде Пакистандын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы Ооганстан менен чек арада жаңы кагылышуулар болгонун билдирген. Пакистандык аскерлердин маалыматы боюнча, Фитна аль-Хавариждин 25 согушкери өлтүрүлгөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















