super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Трамп Япониядагы америкалык аскерлердин алдында адаттагы бийин аткарды (видео)

 

АКШ президенти Дональд Трамп Японияга болгон расмий сапарыннын алкагында АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнө таандык "Жорж Вашингтон" базасына барды. Ал жерде аскерлерге жолугуп, "Village People" тобунун белгилүү "Y.M.C.A." аттуу ырына өзүнүн белгилүү бийин аткаргандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.

Трамптын бийи аскерлердин кубанычы менен коштолуп, көптөрү аны телефондоруна тартып алышты. Трамп буга чейин да ушул ырдын коштоосунда ар түрдүү иш-чараларда жана митингдерде бийлеп келет.

Американын лидери өлкөнүн күч-кубаты курал-жарактан эмес, күн сайын кызмат өтөп жаткан жөнөкөй аскер мырзалардан жана айымдардан көз каранды экенин белгиледи. Мындан тышкары, АКШ лидери Япония менен кеме куруу тармагында кызматташуу пландаштырылып жатканын айтты.

Айта кетсек, Трамп Японияда расмий иш сапары менен болуп, жаңы шайланган премьер-министр Санаэ Такаити жана өлкөнүн императору менен жолукту.






Трамп Японияда америкалык аскерлердин алдында адаттагы бийин аткарды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: