Трамптын президенттик мөөнөтү башталгандан бери АКШдан 500 миңден ашуун мигрант чыгарылган
Трамптын экинчи мөөнөтү башталгандан бери АКШдан 500 миңден ашуун мигрант депортацияланды. Бул тууралуу Орусиянын РИА новости басылмасы жазды.
АКШнын Ички коопсуздук департаментинин маалыматында, Трамптын президенттик мөөнөтү башталгандан бери 527 миң документи жок мигрант жана 1,6 миллион адам өз ыктыяры менен жалпы 2 миллиондон ашык жаран өлкөдөн чыгып кеткен.
Белгиленгендей, Трамптын президенттик мөөнөтүнүн биринчи жылынын аягына чейин болжол менен дагы 600 миң адам өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн.
"Министрлик АКШ өлкөдөн өз каалоосу менен депортацияланууну каалагандарга миң доллар төлөнүп, авиабилет сатып берилерин эскертти",- деп жазылган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-11-01
17:08
2025-11-01
9:16
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















