Түркиянын Гебзе шаарында алты кабаттуу үй урап калды (видео)
Стамбулдан болжол менен 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Гебзе шаарында алты кабаттуу турак-жайдын имараты урап калды. Азырынча жабыркагандардын саны белгилүү эместигин чет элдик басылмалар жазышууда.
Окуя болгон жерге куткаруу кызматтары жөнөтүлүп, издөө-куткаруу иштери жүрүүдө. Үйдүн жанында метро линияларын тартуу боюнча курулуш иштери жүрүп жатканы маалым болду.
Басылмалар урандылар астында болжол менен алты адам болушу мүмкүндүгүн кошумчалашты.
Гебзе шаарынын мэри Зиннур Бююкгёз бул үйдө 7 адамдан турган эки үй-бүлө жашагандыгын билдирип, адардын кайда экендиги боюнча маалымат топтолуп жаткандыгын кошумчалады.
Түркиянын Гебзе шаарында алты кабаттуу үй урап калды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-11-01
17:08
2025-11-01
9:16
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















