Microsoft жана OpenAI 500 миллиард долларлык жаңы келишим түзүштү
Microsoft менен ChatGPTнин өндүрүүчүсү OpenAI тарыхый маанидеги келишимге кол коюшту. Ага ылайык, OpenAI калыбына келтирилип, кайрымдуулук фонду макамынан "коомдук пайда үчүн иштеген акционердик коомго" айланат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, келишим компаниянын жалпы наркын 500 миллиард доллар деп баалады.
Жаңы түзүм боюнча Microsoft OpenAI Group PBC'нин 27 пайыздык үлүшүнө, башкача айтканда, 135 миллиард долларлык акцияга ээ болот. Мурун компанияга 13,8 миллиард доллар инвестиция салган Microsoft бул келишим аркылуу он эсе киреше көрдү. Келишим 2032-жылга чейин күчүндө болуп, OpenAI Microsoft'тун Azure булут кызматтарынан 250 миллиард долларга жакын кызмат сатып алат.
Келишим OpenAI'ге тышкы инвесторлор менен эркин иштөөгө жана инновацияларды тездетүүгө шарт түзөт. Ошондой эле компания жасалма интеллект "адам деңгээлине жетти" деп жарыялаган учурда, бул маалыматты текшерүү үчүн көз карандысыз комиссия түзүлөт. Эксперттер бул өнөктөштүктү "инновация жана жоопкерчилик үчүн жаңы доор" катары баалашты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















