Баткенде Исхак Раззаковдун 115 жылдыгы белгиленди
Раззаков шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун туулгандыгынын 115 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, иш-чарага облус башчысы Айбек Шаменов, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Эрмек Иргебаев, Лейлек районунун акими Асылбек Жеңишбек, облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышкан.
Алгач коноктор Исхак Раззаковдун музейинде улуу инсандын өмүр жана эмгек жолу менен таанышты. Музейде анын колдонгон жеке буюмдары, архивдик документтери, үй-бүлөсү жана замандаштары менен түшкөн сүрөттөрү, ар кандай сыйлыктары экспонат катары сакталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:19
2026-08-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















