Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Полицейский шаарчасында жайгашкан Кадыр-Ата көчөсүн асфальттоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Жалпысынан көчөнүн башынан аягына чейин узундугу 430 метр, туурасы 7 метр болгон бөлүккө жаңы асфальт төшөлүүдө. Жолдун жээгине жаңы бордюрлар коюлуп, ирригациялык тармак орнотулду.
Иштердин жыйынтыгында Кадыр-Ата көчөсүнүн жол кыймылы коопсуз жана ыңгайлуу болуп, шаарчанын тургундары үчүн кыймыл шарттары кыйла жакшырды.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган аймакта көрктөндүрүлө турган каналдын жээгинде мыйзамсыз жайгашкан соода түйүндөрү болгон. Алардын бардыгы алынып, учурда аймак таза, коопсуз жана заманбап көрүнүшкө ээ болду.
Полицейский шаарчасында асфальттоо иштери жүргүзүлүүдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:56
2025-11-01
12:54
2025-11-01
11:30
2025-11-01
21:34
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















