Айтматовдо интернет алдамчылыгына шектелип 19 жаштагы жигит кармалды
Айтматов районунда интернет алдамчылыгына шектелип 19 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Талас облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 49 жаштагы аялга 15-сентярда чалып, өзүн банктын кызматкери катары тааныштырып, “алдамчыларга алданып калдыңыз” деген шылтоосу менен ишеничине кирип, аялдын телефонуна келген СМС билдирүүнү сурап, Мбанк электрондук капчыгынан 50 миң, Айыл банктан 48 миң жана Компаньон банкынан 15 миң сом насыя алып кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-1-бересинин (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кармалган жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















