Жаш балбандар Сербиядан өлкөгө кайтып келишти (видео)
Бүгүн, 29-октябрда Сербиянын Нови-Сад шаарында өткөн 23 жашка чейинки балбандар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна эркин күрөш боюнча катышкан өлкө курама командасы кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, спортчуларды "Манас" эл аралык аэропортунан спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, күрөш федерациясынын өкүлдөрү жана балбандардын жакындары тосуп алышкан.
Айта кетсек, кыргыз курамасы Дүйнө биринчилигинен 2 медаль алды. Өмүрбек Асан уулу 61 киллиограмм салмакта күч сынашып, күмүш медаль тагынса, Билол Шарип уулу 65 килограмм салмак категориясында күрөшүп, коло байге жеңди.
Жаш балбандар Дүйнө биринчилигинен кайтып келишти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















