Кубада "Мелисса" бороонунан улам 735 миңден ашуун адам эвакуацияланды
Кубанын президенти Мигель Диас Канель "Мелисса" бороонунан улам өлкөдө 735 миңден ашуун адам эвакуацияланганын билдирди. Бул тууралуу ал X социалдык тармагында жазды.
"Бүткүл Куба үчүн абдан оор түн болот, бирок биз аны жеңебиз",- деп жазды Канель.
Ал эми АКШнын Улуттук бороон-чапкын борборунун билдирүүсүндө, бороондун 3-категория деңгээлинде Кубанын түштүк-чыгыш жээктерине жеткени айтылган.
Ямайканын борбору Кингстондон 205 чакырым түштүк-батышта жылып бараткан бороондун Ямайкада жана Кубанын түштүк-чыгышында кургактыкка урунушу күтүлүп жатканы айтылган. Билдирүүдө "Мелисса" бороонунун алдыдагы күндөрдө Ямайкада жана Кубада "кыйратуучу" бороон шарттарына, Кариб деңизинин башка аймактарында да катуу жамгырларга, селге жана жер көчкүлөргө алып келиши мүмкүн экени белгиленген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















