super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Трамп Ким Чен Ын менен жолукпай турганын билдирди

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолукпай турганын билдирди. Буга чейин ал Азия өлкөлөрүнө болгон сапарынын алдында Ким Чен Ын менен жолугушууга кызыкдар экенин айткан болчу.

"Мен Ким Чен Ынды абдан жакшы билем. Биз жөн гана жолугушуу убактысын макулдашууга жетише алган жокпуз",- деди Трамп. Ал жолугушуу аркылуу Түндүк Корея жана Түштүк Корея ортосундагы чыңалууну азайтууну каалаганын кошумчалады.

Трамп АКШнын тарыхында Түндүк Кореянын лидери менен жеке жолугушкан алгачкы президент болуп саналат, анын мындай жолугушуулары үч жолу болуп өткөн. Ошондой эле ал Түндүк Корея аймагына кадам таштаган биринчи америкалык президент катары тарыхта калган.

Трамп Ким Чен Ын менен болгон мамилесин "мыкты" деп мүнөздөп келген, бирок Түндүк Кореянын ядролук куралдан арылуу программасы боюнча макулдашууга жетишүү мүмкүн болгон эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: