super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Президенттик администрацияда шайлоого даярдык көрүү боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү

 

Бүгүн, 29-октябрда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү максатында республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.

Президенттик администрациянын маалымат кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин баяндамалары угулду.

Белгиленгендей, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо мекендештердин добуш берүүсү үчүн 34 чет мамлекетте 100 шайлоо тилкеси ачылат.

Тийиштүү мамлекеттик органдар бир катар шаарларда тиешелүү даярдык иштерин жүргүзүп, адистерди окутуп, техникалык жабдууларды сыноодон өткөрүүдө. Мындан тышкары, эл аралык байкоочуларды чакыруу жана катышуу аракеттери жүрүп жатат.

Жыйында ошондой эле шайлоо процессине даярдыктар боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматтары угулду.

Амангелдиев мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону сапаттуу уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Алдыдагы шайлоо өлкөбүздүн демократиялык өнүгүүсүнүн маанилүү этабы. Учурда жүз миңдеген мекендештерибиз чет өлкөлөрдө иштеп, жашап жатышат. Алардын ар бири Кыргызстандын жараны катары өз добушун берүүгө жана өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошууга укуктуу. Ошондуктан, алардын шайлоого катышуусун камсыз кылуу мамлекеттин түздөн-түз милдети. Биздин негизги максатыбыз - шайлоону ачык, мыйзамдуу, коопсуз өткөрүү. Ар бир жарандын добушу саналып, ар бир шайлоо участкасынын иши жогорку деңгээлде уюштурулушу маанилүү",- деди Данияр Амангелдиев.

Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: