super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Эртең Трамп менен Си Цзиньпин Түштүк Кореянын Пусан шаарында жолугушат

 

Эртең, 30-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Пусан шаарында жолугушат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин сайтында кабарланды.

"Кытай жана АКШнын ортосундагы келишимге ылайык, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Пусан шаарында АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугат", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта белгиленгендей, эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу мамилелерди жана өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашат.

Трамп 1-октябрда Truth Social платформасында Си Цзиньпин менен жолугушуусу тууралуу билдирген болчу.

"Төрт жуманын ичинде мен Кытайдын президенти Си менен жолугам", — деп жазган ал.

Ошондой эле америкалык лидер сүйлөшүү учурунда АКШ менен Кытайдын ортосунда мурда түзүлгөн, Кытай америкалык айыл чарба продукциясын сатып алууга милдеттенген келишим боюнча маселени көтөрөрүн айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: