Ош шаарынын мурдагы казысына сот өкүмү чыкты
Бүгүн, 29-октябрда Ош облустук сотунан Ош шаарынын мурдагы казысы Мирланбек Токтомушевге өкүм чыкканын билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык соту 22-сентябрда аны Кылмыш-жаза кодексинин "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 120 миң сом айып пул салган.
Токтомушев Ош облустук сотуна апелляциялык арыз берген.
Эске салсак, 22-майда Токтомушев УКМК тарабынан кармалган. Ош шаардык соту "Алдамчылык" беренеси боюнча айыпталып жаткан мурдагы казыны 18-июнга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарган. Бирок, 29-майда Ош шаардык соту аны үй камагына алуу чечимин жокко чыгарып, кайрадан камакка алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:59
2025-09-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















