super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Газа: Израилдин соккусунан улам 100дөн ашык адам каза тапты

 

Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Израилдин 28-октябрдын кечинде башталган аба соккуларынын натыйжасында 104 адам каза болду. Курман болгондордун арасында 46 бала жана 20 аял бар. Ошондой эле 253 палестиналык жаракат алды.

Израилдин армиясы билдиргендей, алар бир катар аба соккуларынан кийин ок атышпоо режимин сактоо үчүн кайтып жатышат. Аскердик жетекчиликтин айтымында, бул соккулардын максаты Газа секторундагы террордук элементтерди жок кылуу болгон.

"Израилдин Коргоо армиясы ок атышпоону сактоону улантат жана анын бардык бузулуусуна катуу жооп кайтарат", - деп айтылат маалыматта.

Кечээ The Times of Israel басылмасы маалымдагандай, ХАМАС кыймылы Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарында израилдик аскерлерге ок чыгарган. Бул окуядан кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа секторуна аба соккуларын жасоо тууралуу буйрук берген. Бирок ХАМАС бул айыптоолорду четке кагууда.

Associated Press агенттигинин маалыматына ылайык, Израил бул аракеттери тууралуу АКШны алдын ала кабардар кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: