Араванда ветеринардык кызматтын Оштогу жетекчиси ишкерлерден акча талап кылганы аныкталды
Ош облусунун Араван районунда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын айрым кызматкерлери ишкерлерден мыйзамсыз акча талап кылганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Башкы прокуратура билдирди.
Райондук прокуратура жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө аталган кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгынын башчысы С.Э. жана башкы инспектор М.К. 4-октябрда Араван районундагы бир катар соода түйүндөрүн жана эт сатуу жайларын текшерүүгө уруксат кагазы жок негизсиз текшеришкени такталган.
Текшерүү маалында алар мыйзам бузуу аныкталды деген шылтоо менен айрым ишкерлерден акча талап кылышкандыгы белгилүү болгон.
Бул фактылар боюнча Араван райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















