super.kg logo
  Саясат  

"Кыргызгаз" боюнча макулдашууга ылайык "Газпром" компаниясынан Кыргызстанга 20 миллиард рубль бөлүнөт

 
Орусиянын мамлекеттик думасы 17-январдагы жыйынында “Орусия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын өкмөттөр аралык транспорттук ташуу, КРнын аймагында жаратылыш газын бөлүштүрүү боюнча макулдашууну ратификациялоо” мыйзам долбоорун колдоду. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Аталган келишимге ылайык, "Газпром" компаниясынан Кыргызстандын газ инфраструктурасын модернизациялоо жана реконструкциялоого 5 жылдын ичинде 20 миллиард рубль акча бөлүнөт. Андан тышкары магистралдык газ өткөргүчтөрдү өнүктүрүү жана модернизациялоо, КРнын мыйзамына туура келген тарифтик саясатты сактоо жана жаратылыш газды үзгүлтүксүз түрдө берүүнү Орусия тарабы өз мойнуна алат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: